Марал Радиосу

Мыктыбек Абдылдаев отставкага кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев өз каалоосу менен отставкага кетти. Бул тууралуу ал өзү Жогорку Кеңештин «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан кезексиз жыйында жарыялады.

Учурда парламентин жыйыны өтүүдө. Аны вице-спикер Мирлан Бакиров жетектеп жатат. Күн тартибинде жаңы депутаттын ант берүүсү, Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү жана жаңы өкмөт курамын бекитүү маселеси каралууда.