Марал Радиосу

«Ала-Тоо» аянтында күч түзүмдөрүнүн саптык тескемеси өтөт

Бүгүн саат 16:00дө «Ала-Тоо» аянтында бардык күч түзүмдөрүнүн катышуусунда Бишкек гарнизонунун саптык тескемеси өтөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымат таратты.

Ал күч түзүмдөрүнүн Бишкек шаарында коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча даярдыгын текшерүү максатында болот.

Саптык кароону Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменденты Алмазбек Орозалиев башкарат.