Марал Радиосу

Таалайбек Өмүралиев Башкы штабдын жетекчиси болду

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөмбиев кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Өлкө башчынын экинчи жарлыгы менен Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчилигине Таалайбек Өмүралиев дайындалды.

Таалайбек Өмүралиев буга чейин Коргоо министрлигин жетектеген.