Connect with us

«Кырдаал жөнгө салынбаса, тышкы күчтөр бизди согуштуруп коюшу мүмкүн»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Окт 2020 | 624 | 0

«Кырдаал жөнгө салынбаса, тышкы күчтөр бизди согуштуруп коюшу мүмкүн». Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда тышкы күчтөр аракет кыла баштады. Кыргызстанда ар бир революция болгондо Орусия сөзсүз бир көз карашын билдирет. Андан тышкары, АКШ да кызыкдар. Анткени Америка базасын кайра алып келүүнү самайт. Ошондуктан кырдаал жөнгө салынбаса, алар кандайдыр бир комбинацияларды ойлоп таап, элди согуштуруп коюшу мүмкүн.

«Кыргыз Республикасы көп улуттуу мамлекет болгондуктан, улуттар аралык чырды чыгарып жибере турган болсо, анда согуш жүрүп кетиши ыктымал. Андыктан УКМК саясатчылардын артынан түшкөндүн ордуна, коопсуздук багытында иштеши керек», — дейт Мадылбеков.

Ал мындан сырткары Кыргызстандын коопсуздугу үчүн башка мамлекеттердин ортомчулугу керек эмес экенин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө кереги жок, андай абал түзүлө элек. Бирок түзүлүп кетиши мүмкүн», — дейт экс-депутат.

Copyright © 2017 Maral FM