Марал Радиосу

УКМК саясаттан тышкары, штаттык режимде иштейт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Өмүрбек Суваналиевдин катышуусунда жыйын өткөрдү.

УКМКнын маалымат кызматы кабарлагандай, жыйында күч түзүмдөрү саясаттан тышкары болушу керектиги айтылып, кадимки штаттык режимде иштей турган болушту.

Буга чейин өлкөдөгү башаламандык учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имаратында иштеп жаткан Өмүрбек Суваналиев эми Коопсуздук кеңешинин имаратына барып иштейт.