Марал Радиосу

Акыркы суткада 15 медик коронавирус жуктуруп алды

9-октябрга карата 15 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ош шаарында бир, Баткен облусунда беш, Ош облусунда эки, Жалал-Абад облусунда төрт, Ысык-Көл облусунда үч медик ооруп калды.

Ошол эле акыркы суткада үй карантининен 3 медкызматкер айыкты.

COVID-19 вирусу 3379 медициналык кызматкерге жуккан, анын ичинен 3075и айыгып чыкты.