Биз менен байланышыңыз

Бир суткада дүйнөдө коронавирустун эң көп саны катталды

Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 364 | 0

Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы күрөш уланууда. Пандемия башталгандан бери дүйнөдө 36,7 миллиондон ашуун адам ооруга чалдыккан. Алардын ичинен 1,06 миллиондон ашуун адам вирустан улам көз жумса, 27,5 миллиондон ашуун бейтап айыгып кетти.

«Германияда өткөн суткада 4 миң 516 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды», — деп билдирди Роберт Кох институту. Ошентип, эпидемия башталгандан бери Германияда вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 314 миң 660 адамды түздү. Ошол эле учурда вирустун кесепетинен 9 миң 589 адам көз жумса, анын 11и акыркы сутка ичинде катталган.

АКШ президенти Дональд Трамп Вальтер Рид аскердик ооруканасынан чыгып, шайлоо алдындагы үгүт иштерине кайтып келди. Ушул ишемби күн ал Флоридадагы үгүт митингине катышат. Трамп коронавируска кабылдым деп жарыялагандан бери арадан бир жума өттү.

Европа Комиссиясынын төрагасынын орун басары Вера Юрова коронавирус менен күрөшүү үчүн Европадагы чек аралардын жабылышына каршы чыкты. «Айрым чектөөлөрдү киргизүү зарыл, бирок коронавирус бүтүндөй Европада бар экени жана биз аны жабык чек аралар аркылуу көзөмөлгө албай тургандыгыбыз анык», — деди Юрова.

Москвада бир суткада коронавирустук пневмонияга чалдыккан 33 бейтап каза болду. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча оперативдүү штабдын маалыматы боюнча, Орусиянын баш калаасында каза болгондордун жалпы саны 5530га жетти.

Орусиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) башчысы Анна Попованын айтымында, сентябрь айында жуктуруп алгандардын көпчүлүгү кеңсе кызматкерлери.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму пандемия башталгандан бери акыркы бир күндө коронавирустук инфекциянын дүйнөдө эң көп саны катталды. Маалыматка ылайык, планетанын 338 миң 779 тургунуна вирус жуккан. Октябрь айынын башында Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму дүйнө жүзү боюнча бул илдетке чалдыккандардын саны дүйнө калкынын 10%ына чейин жетиши мүмкүн деп божомолдогон.

Copyright © 2017 Maral FM