Марал Радиосу

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасы 10-октябрда ачылат

Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасы 10-октябрда ачылат. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кабарлады.

Министрдин маалыматында, коронавирустун экинчи толкуну болот деп күтүлүп жатканына байланыштуу 11 оорукана даярдалууда. Анын үчөө жаңы салынууда: Ош жана Бишкек шаарларында 100 орундуу, Нарында 70 орундуу.

11 оорукананын баары 20-октябрга чейин ачылары кабарланды.

Буга чейин 30-сентябрда өкмөт Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу айтылган мөөнөттөн артта калып жатканын кабарлаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасында өзүнчө интенсивдүү терапия жана реанимациялык блок каралган.

Бардык бөлмөлөр тиешелүү жабдуулар менен жабдылып, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берет. Курулуш жумуштары бүтөрү менен медициналык жабдууларды жана эмеректерди орнотуу, жайгаштыруу иштери башталат.