Марал Радиосу

Суваналиев БУУнун өкүлү менен Кыргызстандагы кырдаалды талкуулады

8-октябрда Коопсуздук Кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу, укук коргоо органдарынын координатору Өмүрбек Суваналиев БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Озонниа Ожиело менен жолукту. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда Кыргызстандагы азыркы коомдук-саясий кырдаал боюнча маселелер талкууланды. Суваналиев жагдайды чагымчыл тараптар курчутууга аракет кылып жатканын, ага карабастан укук коргоо органдарынын күчү жана каражаты кырдаалды көзөмөлдөө үчүн жетиштүү экенин, ошондой эле күч түзүмдөрү саясатка аралашпасын айтты.

БУУнун координатору Озонниа Ожиело уюм Кыргызстандагы кырдаалга тынчсызданып жатканын белгилеп, керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш да өлкөдөгү болуп жаткан бардык окуялардан кабардар экенин, саясий кризистен эртерээк чыгууну каалап турганын маалымдады.