Марал Радиосу

Өлкөдөгү банктар кайра иштей баштайт. Иш убактысы өзгөрдү

Улуттук банк өлкөдөгү коммерциялык банктар жана каржылык уюмдарды 8-октябрдан тарта ишин жандандыруусун сунуштады. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу банктар эртең мененки саат 09:00дөн, күндүзгү саат 15:00гө чейин иштемей болушту.

Каржылык уюмдар төлөмдөрдү жана которуу операцияларын улуттук төлөм системалары боюнча гана жүргүзөт. Накталай эмес төлөмдөрдү жана акча которууларды өлкө ичинде жүргүзүүдө, онлайн кызмат көрсөтүүдө коопсуздукту камсыз кылуу, банкоматтардын, POS-терминалдар менен төлөм терминалдарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт.

Ал эми эл аралык төлөм системалары боюнча операцияларды жүргүзүү Улуттук банктын чечими кабыл алынганга чейин токтотулган.