Марал Радиосу

Касымалиева: Сооронбай Жээнбеков — элдик президент

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал Жээнбеков президент болгондон бери эч өзгөрбөй, жөнөкөй, ишеничтүү, эмгекти сүйгөн жана жоопкерчиликтүү бойдон калганын айтты.

«Мен чоң саясатка Сооронбай Жээнбековдун командасы менен келдим. 2017-жылы парламентке келгенимде, ал өкмөт башчы болуп, чогуу иштей баштадык. Сооронбай Шарипович жаман жакка өзгөргөн жок. Ал ошол эле боорукер, жөнөкөй, ойчул, ыймандуу, эмгекчил жана жоопкерчиликтүү бойдон калды. Мен акылыма, сезимиме жана интуицияма ишенем. Калганы саясат. Сооронбай Жээнбековду каралоо үчүн күн сайын чоң ресурстар ыргытылып жатат, мен кара пиарга ишенбейм. Сооронбай Жээнбеков — менин президентим. Ал элдик президент», — деп айтылат Касымалиеванын билдирүүсүндө.

Депутат азыркы абал турукташып, баары укуктук талаага кайтарынан үмүт кылат. Ошондой эле президент өз мөөнөтүн аягына чыгарып, эл арасында сый-урмат менен жашайт деген ойдо.

Депутаттын айтымында, өлкө башчынын дагы бир маанилүү сапаты – ал сын-пикирлерди кабыл алат жана каталардын үстүнөн иштей алат.