Биз менен байланышыңыз

Серепчилер талдайт: Садыр Жапаров иштеп кете алабы?

Кыска кабар , Саясат | 7 Окт 2020 | 1755 | 2

6-октябрда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция саясатчы Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка сунуштады. Эми Жапаров өкмөттүн курамы боюнча сунушун парламентке алып келиши керек. Андан кийин гана парламент өкмөт башчыны бекитүү маселесин добушка коёт.

Бирок Садыр Жапаров ошол эле күнү 5-каналга маек берип жатып, өлкөдө легитимдүү бийлик орногонун айтып, мамлекеттик кызматкерлерден бүгүн, 7-октябрдан тарта ишке чыгышын талап кылды.

— Министрликтерге, акимиат, айыл өкмөттөргө эртең мененки саат 8ден тарта кызматка чыгышыңыздарга буйрук берем, талап кылам. Министрлер кызмат ордунда жок болсо, анын милдетин орун басарлар, андан ылдыйкылар аткарып кете бериңиздер. 

Мындай көрүнүшкө саясатчылар да түшүнбөй турганын белгилешет. Анткени Конституциянын 84-беренесине ылайык, парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрди сунуштайт. Талапкер өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет, ал аныкталган соң президент 3 күндүн ичинде премьер-министрди жана өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлыкка кол коёт.

«Деген менен азыркы убакта сен мыйзам буздуң деп айтуу оор. Анткени Кыргызстанда мыйзамдар иштебейт». Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев билдирди. Ал элди укуктук талаага кайтарып, тез арада абалды турукташтыруу боюнча сунушун да берди.

— Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбеков да, саясий партиялар да, жөнөкөй жарандар да мыйзам буздуШайлоо да мыйзам бузуу менен өттү, Ак үйдү да басып албадыкпы. Азыр эми креслолорду бөлүшүп жатышат. Өлкөнү укуктук талаага алып келүү үчүн — биринчиден, объективдүү, адилеттүү мыйзамдар керек. Экинчиден, ошол мыйзамдарды аткаруу керек. Ошондо мыйзамдуулук орнойт. Жогорку Кеңеш иштесин. Мыйзамсыз мүлктү конфискациялоо жана люстрация боюнча эки мыйзамды кабыл алып алсак, башыбыз оорубайт. Мыйзамга дал келип калган талапкерди саясий бийликке өткөрбөй коёбуз. 1-2 айдын ичинде кайрадан шайлоо болот. 

Саясат талдоочу Алмаз Тажибайдын баамында, Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка сунуштоо менен парламент өлкөнү укуктук талаага алып келди. Анткени учурда президент да, өкмөт да, парламент да, керек болсо БШК төрайымы менен кошо бар.

Жапаров Конституциялык кеңешме түзөрүн айтты, бирок так датасын белгилеген жок, бул да болсо — көйгөй. Учурда Жапаров өзүнө эбегейсиз чоң жоопкерчилик алды, андыктан кылдат мамиле кылып, өлкөдөгү абалды жөнгө салуу үчүн өкмөттүн курамы күчтүү болушу кажет. Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов менен биригип, туруктуулукту камсыз кылса жакшы болмок.

— Эл үчүн иштеп берем деген, эмне үчүн буларды колдобошубуз керек? Бул киши (Жапаров) Жогорку Кеңештин мүчөлөрү менен сүйлөшүп, алар Жапаровду көрсөтүп коюшканы жакшы уюштурулган иш болуп көрүнүп жатат. Учурда Садырды жамандагандын да, мактагандын да кереги жок. Бири-бирибизге ишеним артышыбыз абзел. Саясий лидерлер четте турбай, аралашып, кемчилик байкалган жерден акылдуу чечим кабыл алып, ынтымагыбызды көрсөтүп, бөлүнбөй, тынчтыкка чакырып, аракет кылсак, анда биз оңолобуз. 

Өлкөдө чоң коркунуч бар, анткени бийликке жанталашкандар көп. Өлкө укуктук талаага чыкпаса, уюшкан кылмыштуу топтор кырдаалды пайдаланып, Кыргызстанды талкалап кетет. Анда ЖККУ сыяктуу тышкы күчтөрдү киргизүүгө туура келет. Мындай пикирин саясат талдоочу Марс Сариев билдирди. Ал парламенттин кадрдык өзгөрүүлөр боюнча акыркы чечимин колдоп, өкмөт ишке ашыруусу зарыл болгон кадамдарды атады.

— Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчы, Мыктыбек Абдылдаевди спикер кылып дайындады. Эми ушул жол менен жүрүп, улантуу кажет. Ал эми түштүк тарапта сепаратизм, регионализм болбойт деп ойлойм. Анткени Кыргыз Республикасына чоң коркунуч туулуп жатканын бардык элита түшүнүп турат. Башаламандык жаралып, айрым объектилерге кол салуулар болуп жатат. Мындан улам милиция батыраак азыркы бийликке иштеши керек. Ал эми саясий лидерлер тарапташтарын токтотушу зарыл. 

Ал эми саясат талдоочу Жолборс Жоробековдун айтымында, Жапаровдун соттуулугу боюнча коомчулукта түрдүү ой болбошу үчүн акталып чыкканы тууралуу билдирүү легитимдүү болушу шарт. Азырынча Жапаровдун программасы менен таанышпай туруп, ага баа берүүгө эрте. Өлкөдө курч абал түзүлүп тургандыктан бийликке келген адам аны бир нукка салып кете алышы керек. Жоробеков бул иште тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн экенин да эскертти.

— Азыркы тапта жүгөнсүз демократиянын алкагына кирип калдык. Садыр Жапаров болобу же башкасы болобу, көчөдөгү жигиттерге эч бир аброй, тартип, мыйзам, эреже роль ойнобой калган кез. Ошондуктан азыркы кырдаалда көпчүлүктү ынандырып турган фигура — Садыр Жапаров. Эртең кантип иштеп кетет — бул: башка маселе. Көпчүлүктүн жактыруусу, ошол эле кезде партия лидерлеринин, элди артынан ээрчиткен азаматтардын бирдиктүү пикири чоң роль ойнойт.  

Белгилей кетсек, мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов 6-октябрда кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Ошол эле күнү Жогорку Кеңештеги 62 депутат Садыр Жапаровдун өкмөттү убактылуу жетектеп турушун колдогон.

2 пикир

2 пикир

  1. Токур. Башкортостан

    10.10.2020 19:17

    Ким жазып жатат 5 сентябрь деп, октябрь деп жазгыла.

  2. Токур. Башкортостан

    10.10.2020 19:21

    Азыркы учурга байланыштуу эн туура, обсуждения кылып, дагы башка, мыйзам бонча деп отурганынарда убакыт созулуп, эшикте эл, жаштар кутуп турган, шашылыш дайындап чечим чыгарбаганынарда силерди эшиктеги эл таш талкан кылмак. Эми элдин толкуну токтогондо крайнего ни надр искать.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM