АКШнын президенти Дональд Трамп 15-октябрда Жо Байден менен II теледебатка катышуу ниетин билдирди.
«Мен 15-октябрга белгиленген Маямидеги дебатты чыдамсыздык менен күтөм. Ал сонун болот», — деп жазды Трамп өзүнүн Twitter баракчасына.
Ошондой эле Трамп өзүн абдан жакшы сезгенин, ден соолугу жайында экенин кошумчалаган.
Буга чейин Жо Байден да Трамп менен дебатка барууга даяр экендигин билдирген болчу.
Дональд Трамп өткөн жумада коронавирус диагнозу менен ооруканага жаткырылган. Ал дүйшөмбү күнү ооруканадан чыгып, Ак үйгө кайтып келди.