Марал Радиосу

«Жерүй» алтын кенинде абал тынчыды. Бирок 5-6 имарат өрттөлдү

Талас облусундагы «Жерүй» алтын кенинде абал турукташты. Бул тууралуу «Маралга» «Алтын Альянс» ишканасынын басма сөз катчысы Касиет Карачолокова билдирди.

Анын айтымында, алтын кен ишканасын басып алуу аракеттери болуп, 5-6 имарат өрттөлгөн. Учурда зыяндын эсеби тактала элек.

«Алтын Альянс» ишканасы өрттөлгөн имараттарды кайра калыбына келтирүүгө аракет кылат. Учурда элдик кошундар тарабынан да ишкананы бүлүндүрбөй коргоо боюнча сунуштар түшкөн.

Exit mobile version