Жогорку Кеңеш саясатчы Садыр Жапаровду премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруучу кылып шайлашты. Бүгүнкү кезексиз жыйынга чогулган депутаттар 62 добуш менен колдоду.
Кезексиз жыйында сөз сүйлөгөн депутат Мыктыбек Абдылдаев Садыр Жапаровдун акталып, өкмөт башчы болуп шайланышы менен куттуктады.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков кызматтан кетүү арызын жазып кеткендигине байланыштуу, Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.