Марал Радиосу

Ош шаарынын мэри Сарыбашов кызматын тапшырды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматын тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта: «Шаар үчүн жасаган иштерине ыраазы болуңуздар. Алдыда ири долбоорлорду толук ишке ашыруу пландары бар болчу. Элибизге дагы көп кызмат кылат деген үмүттөбүз. Толугураак маалыматты эртең айтабыз» , — деп айтылат.

Буга чейин митингдегилер Ош шаардык кеңешинин депутаттарынан чукул жыйын өткөрүүсүн талап кылышкан. Шаардык кеңештин депутаттары чукул жыйын өткөрүп, шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго 31 депутат ишенбөөчүлүк көрсөткөн.

Бирок Таалайбек Сарыбашов арыз жазган эмес, ал сотко кайрыла турганын билдирген болчу.

Кошумчалай кетсек, Ошто митинг дале уланууда.