Марал Радиосу

Бакашева КТРКга, Капарова «Ала Тоо-24кө» жетекчи болду

Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңеши каналдын башкы директорунун милдетин аткаруучу кылып Жылдыз Бакашованы шайлады. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги жазды.

Буга чейин ал Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын директору болуп иштеген.

Мындан тышкары, «Ала-Тоо-24» каналынын «Жаңылыктар» кызматына башкы редактордун милдетин аткаруучу болуп Чынара Капарова тандалды.

Чынара Капарова «Бир бол» саясий партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер. Ал буга чейин коомдук каналда алып баруучу болуп иштеген. 2016-жылы иштен алынган.