Марал Радиосу

Жаш саясатчылар координациялык кеңешке киргизүүнү талап кылышат

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайынын алдында жаш саясатчылар, активисттер, шайлоого аттанган талапкерлер акция өткөрүп жатат.

Алар бүгүн жети партиянын лидерлеринен түзүлгөн саясий координациялык кеңешке барып, жаштарды жана аялдарды аталган кеңешке киргизүүнү талап кылыша турганын билдиришип, «Ала- Тоо» аянтына карай багыт алышты.

Ал жерде активист Улан Үсөйүн, «Реформа» партиясынын талапкери Эркин Нурбаев, «Бир бол» партиясынын талапкери Жоомарт Жолдошев, укук коргоочу Назгүл Турдубековалар, эстрада ырчылардан Мирбек Атабеков, Кайрат Примбердиев, Омар Жанышов жана алып баруучулар Эркин Рыскулбеков, Нурсултан Майназаров бар.