Марал Радиосу

Мадумаров: Саясий координациялык кеңеш кызмат бөлүштүрүү менен алектенбейт

Саясатчы Адахан Мадумаров бүгүнкү түзүлгөн саясий координациялык кеңеш кызмат бөлүштүрүү менен алектенбейт деп билдирди. Бул тууралуу ал журналисттерге маалымат берип жатып айтты.

Мадумаровдун айтымында, парламент чукул арада чогулуп, элдик өкмөттүн курамын бекитип бериши зарыл. Учурда ар ким өзү барып кызматка отуруу жана кызмат ээлеп алуу сыяктуу көрүнүштөрдүн баары мыйзам талаасында чечилиши керек деп эсептейт.

Саясий координациялык кеңешке учурда «Бүтүн Кыргызстан», «Бир Бол», «Республика», «Замандаш», «Ата-Мекен», «Реформа», «Социал-демократтар» партиясы кирди.