Марал Радиосу

Эртең Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат

Эртең, 7-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын лидери Жанар Акаев Координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

Ошондой эле ал, эртең  парламенттин жаңы төрагасы шайланып, элдик өкмөт түзүлө турганын кошумчалады.

Мындан сырткары учурда депутаттар чакырылып жатканын жана кворум болоруна ишенерин билдирди.