Марал Радиосу

Координациялык кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров болду

Бишкекте 6 саясий партия Координациялык кеңештин жыйынына чогулду. Жыйынды «Марал» радиосунун кабарчысы түз эфирде чагылдырып жатат.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров аталган кеңештин төрагасы болгонун жарыялады.

Координациялык кеңештин курамына саясатчылар Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Алтынбек Сулайманов, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков кирди.