Марал Радиосу

Акыйкатчы институту жабырлануучулардан кабар алды

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги митингде жабыр тарткандардан кабар алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева жетектеген топ Улуттук госпиталдагы 120 жаран менен жолугушту.

Оорукананын башкы дарыгери Токтобай Манаевдин айтымында, учурда ар кандай жаракат алган 90 бейтап дарыланып жатат.

Төрт бейтап реанимацияда жана бир жабырлануучу каза болгон.

Ошондой эле жабыркагандар негизинен 17 жаштан 20 жашка чейинки уландар экендиги айтылды.