Марал Радиосу

Улуттук банк өлкөдөгү банктарга ишин токтотуп турууну сунуштады

Улуттук банк өлкөнүн банк секторунун коопсуздугун жана финансы-кредиттик уюмдардын активдеринин сакталышын камсыз кылуу максатында, коммерциялык банктарга жана каржылык уюмдарга 6-октябрда өз ишин токтотуп, коопсуздук чараларын күчөтүү тапшырмасын берди.

Финансылык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселелер келип чыккан учурда онлайн-сервис кызмат көрсөтүүлөр (телефон, электрондук почта, социалдык түйүндөр жана мессенджерлер ж.б.) аркылуу каржылык уюмдарга кайрылууну сунуштады.

«Улуттук банк жагдайды байкоого алып турат, зарыл болгон учурда тиешелүү чараларды көрөт», — деп айтылат маалыматта.