Президент партия лидерлери менен 09:00дө жолугат

Президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттик шайлоого катышкан партиялардын лидерлери менен жолугушуусу бүгүн, 6-октябрь саат 09.00дө өтөт. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайты кабарлады. Жолугушууга бардык 16 партиянын лидерлери чакырылды.