Марал Радиосу

Бишкектеги митингде өрт өчүрүүчү машинаны уурдап кетишти

Бишкектин борбордук аянтындагы башаламандык учурунда, өрттү өчүрүү үчүн келген атайын техниканы белгисиз бирөөлөр айдап кетишкен. Бул тууралуу ӨКМдеги ишенимдүү булагыбыз кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүүчү унаа ӨКМдин Бишкек шаарындагы №3 бөлүмүнө таандык экени айтылууда.

Кошумчалай кетсек, «Ала-Тоо» аянтына топтолгон элди таратууда милиция күч колдонуп, көздөн жаш агызуучу заттарды жардырган. Ошондой эле айрым таштанды урналары демонстраттар тарабынан өрттөлүп, өрт чыккан болчу.