Бишкектин «Ала-Тоо» аятында шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар өткөрүп жаткан митингге «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да келип кошулду.
— Баарыңыздар шайлоонун кандай ыплас өткөндүгүн көрдүңүздөр. Муну бир адам эмес, бүтүн эл айтып жатат. Ошондуктан парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарышыбыз керек,- деди Ташиев.
Белгилей кетсек, митингге «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Курсан Асанов жана саясатчы Бектур Асанов да келип кошулган.
4-октябрда парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке өтпөй калган оппозициялык партиялар биригишкен. Алар кайра парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.