Марал Радиосу

«Социал-демократтар» шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып митингге чыгышты

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында «Кыргызстан социал-демократтар» саясий партиясынын мүчөлөрү жана тарапташтары митинг өткөрүүдө. Алар парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай тургандыктарын, шайлоо таза өтпөгөнүн, админстративдик ресурстар колдонулганын айтышып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.

Кыргызстанда кечээ, 4-октябрда парламенттик шайлоо болду. Анын алдын ала жыйынтыгы боюнча төмөнкү партиялар жети пайыздык босогодон өттү: