Марал Радиосу

COVID-19: Бир суткада 10 медик айыгып, 9у жаңы катталды

5-октябрга карата өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар Бишкек шаарында- 1, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 6 учур.

Ошол эле акыркы суткада 3 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган.

COVID-19 вирусу 3327 жалпы медикке жуккан, анын ичинен 3059 медкызматкер айыккан.

5-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 47 миң 635ке жетти, андан сакайгандар 43 миң 521, каза болгондордун жалпы саны 1066 адамды түздү.