Марал Радиосу

Тажикстанда коронавирус жуктургандар 10 миңге чукулдады

Тажикстанда акыркы суткага карата 40 адамдан коронавирус аныкталып, 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Аталган өлкөдө 30-апрелден тартып 5-октябрга чейин 9 миң 935 адамга коронавирус жуктурган.

Расмий маалымат боюнча, Тажикстанда оору жуккандан кийин 78 бейтап көз жумду. Жалпы 8 миң 749 адам коронавирустан айыккан.