Марал Радиосу

COVID-19: 103 бейтап сакайып, 207 адам жаңы катталды

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 207 жаңы учуру катталды. Респбуликалык штабдын маалыматына караганда, эң көп учур Баткен облусунда катталган.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 47 миң 635ке жетти.

Бүгүн, 5-октябрга карата COVID-19 илдетинен 103 бейтап сакайды:

Кыргызстанда коронавирустан айыккандардан саны — 43 миң 521ге жетти. 5-октябрга карата COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы саны 1066 адамды түздү.

Учурда ооруканаларда 1123 бейтап дарыланып жатат, үй шартындагы дарыланууда — 1470 бейтап бар.