Марал Радиосу

«Бүтүн Кыргызстан» менен «Кыргызстан» мандаттан баш тартса, кайра шайлоо өтөт

«Бүтүн Кыргызстан» менен «Кыргызстан» саясий партиялары мандаттан баш тартса, кайра шайлоо өтөт. Мындай пикирин Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коомчулукта нааразы болгондор көп, эгерде бийлик массалык митингге жол берип жиберсе, коронавирустун экинчи толкунунун башталып кетишине жагдай жаратып коюшу мүмкүн.

Элдин баары көрдү. Бийликтин жардамы менен бул эки партия шайлоого катышты. Себеби алар шайлоодон четтетилген болчу. Эки партиянын эрки жетип, мандат алуудан баш тартса, кайра шайлоо болуунун тынчтык жолу болмок, — деди Сариев.


Мурунку чакырылыштын 47 депутаты кайра парламентке келет (болжолдуу тизме)


Ошондой эле ал бирок мындай жол алар үчүн айтканга оңой болгондой болушу мүмкүн экендигин, бирок башкысы мамлекеттеги туруктуулукту сактап калуу экендигин белгиледи.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун 23.20га карата алдын ала жыйынтыгы боюнча төмөнкү партиялар жети пайыздык босогодон өттү:

Парламентке кимдер депутат болуп келет? (тизме)