Марал Радиосу

4 жыл мурун каза болгон жаран шайлоочулардын тизмесинде жүрөт (фото)

4 жыл мурун каза болгон жаран шайлоочулардын тизмесинде жүрөт. Бул тууралуу Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну «Марал» радиосуна кабарлады.

Угармандын айтымында, анын уулу мындан төрт жыл мурун автокырсыктан улам каза тапкан. «Менин балам Камчыбеков Канатбек Камчыбекович 2016-жылы кырсыктан каза болгон. Бүгүн мен шайлоого барып, тизмеден баламдын фамилиясын көрдүм. Комиссияга кайрылсам, эч ким жооп берген жок. Анын «кара кагазы» да бар. Эмнеге ушундай көңүл кош мамиле жасалат?», —  деп кайрылган Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну.