Марал Радиосу

БШК: Каза болгон адамдын добуш бергени боюнча маалымат тастыкталган жок

№1041 шайлоо участкасында каза болгон адамдын да добуш бергени боюнча маалымат тараган. Маалыматты УКМК иликтеп, мындай факты катталбаганын аныктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров маалымат жыйында кабарлады.

Ушул убакытка чейин жалпысынан шайлоону уюштуруу маселелери боюнча нааразылык билдирген жана добуш сатып алуу фактылары боюнча маалымдаган 79 кайрылуу келип түштү.

ИИМдин маалыматы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 15 факты катталды.

Шайназаровдун айтымында, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Кылмыш-жаза кодексинде каралган кылмышты жасаганда гана жоопко тартылат.

10 шайлоо участкасында мыйзам бузууларды документтештирүү боюнча топ түзүлдү. Алар мыйзам бузуулар жөнүндө билдирүүлөргө дароо барып, жеринен териштирет. Өлкө боюнча 200дөн ашык ушундай топ түзүлгөн.