Марал Радиосу

Шайлоо-2020: Элди топтоп ташыгандар болууда (видео)

Bektur Medetov аттуу фейсбук колдонуучу добуш берүү күнү элди топтоп ташыгандар тууралуу видео жарыялады.

Ал чыгарган видеодо бир топ адамды унаа менен алып келген айдоочу «Биримдик» партиясынын кепкасын кийип алганын көрүүгө болот.

Бүгүн добуш берүү башталгандан бери БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 48 арыз келип түшкөн.