Марал Радиосу

БШК бюллетендерди топтоп салгандар тууралуу түшүндүрдү

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров шайлоо тилкесинин эки кызматкери шайлоо кутусуна бюллетендерди салып жатканы тартылган видео боюнча түшүндүрмө берди. Шайназаров ал жерде автоматтык эсептөө кутуларын текшерүү болуп жаткан деп ишенимдүү айтты.

«Тигил же бул партияга бюллетендерди салууга жол берилбесин ишенимдүү түрдө айта алам», — деди БШКнын мүчөсү.

Бүгүн добуш берүү башталгандан бери БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 48 арыз келип түшкөн.