Марал Радиосу

Шайлоо-2020: Партия лидерлери эмне дейт?

Бүгүн өлкөдө парламенттик шайлоо өтүүдө. Ага 16 саясий партия катышып жатат. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон партиялардын лидерлери өздөрү жашаган аймактагы шайлоо участкаларына барып добуш беришти. Партия лидерлеринин добуш берүүсү жана шайлоонун жүрүшү боюнча лидерлердин ой-пикирлерине алдыда кененирээк токтолобуз.

Биринчилерден болуп, саат 9:30да Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жайгашкан №1104 шайлоо участкасына «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев кичүү кызы менен барып добуш берди. Ташиев: «Жогорку Кеңешке барсак, сөзсүз түрдө абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровду чыгарабыз», — деген пикирин кайрадан кайталады.

Бүгүнкү шайлоонун эң негизги максаты акыйкаттуулуктун, чындыктын шайлоосу болуш керек. Себеби, азаттыкты күтүп, менин досум Садыр Жапаров отурат. Ойлойм, элибизге ыйман-ынсап берип, жакшы добушун берип, парламентке өтүп келсек, бизде мыйзамдуу түрдө Садырды чыгарып алганга мүмкүнчүлүк пайда болот.  Туура, биз соттун чечимдерине кийлигише албайбыз. Ошол эле мезгилде ага колдонулуп жаткан, же колдонулбай жаткан мыйзам актыларын сөзсүз түрдө карап чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Элдин өкүлү болгондон кийин биз акыйкатсыздыкка каршы күрөшүшүбүз керек.

Ошондой эле ал эл жүрөгү менен колдоп добуш берерине ишенерин билдирип, Ош тараптагы 3-4 шайлоо участкасында ар түрдүү мыйзам  бузуулар болуп жатканын, элдин өзүнүн тандоосуна мүмкүнчүлүк берилбей, кандайдыр бир мыйзамсыз ыкмаларды колдонуу менен өтсө, анда эл көтөрүлүп кетиши мүмкүн экенин кошумчалады.

Эгерде шайлоо таза өтүп, эч кандай мыйзам бузуу болбостон биздин партия өтпөй калса, анда биздин эч кандай даттануубуз болбойт. Шайлоо таза өтпөстөн, мыйзам бузула турган болсо, анда биз шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз. Чоң чатак чыгып кетиши мүмкүн. 

Ал эми өздөрүн оппозициялык партия катары эсептеген «Бир бол» саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Бишкек шаарындагы №1219 шайлоо тилкесине добуш берүүгө кызы менен барды.

Добуш берип чыккан соң, журналисттерге маек берип, шайлоонун таза өтүшүнө «Форма №2» шек жаратып жатканына токтолду:

Форма-2 деген башталганда эле шайлоонун таза өтүшүнө шек жаратты. 500 миңге жакын адам бул аркылуу арыз бергени шайлоонун күмөндүү өтүшүн айгинелеп турат. Бирок ошого карабай, баарыбыз таза шайлоо өткөзгөнгө аракет кылып жатабыз.

Ошондой эле Сулайманов журналисттердин: «Шайлоодон өтпөй калсаңыздар эмне кыласыздар?» — деген суроосуна: «Биз өтөбүз, буюрса. Суроону туура берсеңиздер! «Өтпөй калсаңыздар эмне кыласыздар?» деген суроону бербеңиздер»,— деп жооп берди.

«Ата-Мекен» партиясынын түптөөчүсү, саясатчы Өмүрбек Текебаев бул шайлоодо добуш берүү үчүн үй-бүлөсү менен №1214 шайлоо участогуна барды. Кызыгы, ал шайлоого келе жатып, паспортун үйүнө унутуп калган. Ал бул шайлоодо партиялар арасында атаандаштык курч болгондугун, ошол эле учурда сатып алуулар да «күч» болуп жатканын байкаганын айтып, шайлоонун жыйынтыгында коомдун аң-сезими өзгөрө турганын билдирди.

Шайлоодон кийинки эң негизги жыйынтык: коомдук аң-сезим өзгөрөт. Жыйнтыгы кандай чыкпасын, нааразы болгон эл өз баасын партияларга да, анын лидерлерине да, бүгүнкү бийликтегилерге да берет. Бул — саясатчыларга гана эмес, шайлоочулардын өзүнө да чоң сабак боло турган шайлоо. Мен ушундай чоң өзгөрүүнү, коомдук аң-сезимдин өзгөрүүсүн күтүп турам. 

Бул жолку парламенттик шайлоого Өмүрбек Текебаев катышкан жок. Ал эми «Ата-Мекен» партиясын депутат Жанар Акаев жетектеп баратат.

Оратор саясатчы катары таанылган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров добуш берүүгө эки уулу менен келип, өзү катталган участокто мыйзам бузуулар бар экенин, кимдин кимге добуш берип жатканын ачык көрүп жатышканын сындады.

—  Урналардын эки жагына эки адамды коюп коюшуптур. Квартал башчылары карап турат, ал белги берет. Кимдин кимге добуш бергени, бүт баары көрүнүп жатат.  Шайлоонун өтүшү ушундай болуп жатса, анан кантип адилет өтөт? Себеби, квартал башчылары канча адам келет, кимге добуш берет, ошого убада алышкан да.

«Республика» партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов №1216 шайлоо тилкесинен добуш берүүгө катышты. Ал бюллетенин урнага салып жатып, өлкөдө өзгөрүү болуусуна ниет кылганын билдирди.

Ошондой эле, Өмүрбек Бабанов партиялаштарынын «Премьер-министрликке көрсөтөбүз» деген сөздөрү боюнча жооп берип, аны парламент чечерин, өзү шайлоодон кийинки абалга жараша чечим чыгарарын айтты.

— Шайлоодон жеңип чыккан партиялардын арасында кыргыз эли үчүн, мамлекет үчүн күрөшкөн, күйгөн, ачык сүйлөгөн жана «алдыга жолду билген» адамдар болсо деп тилейм. Ал эми премьер-министрлик боюнча айтсам, бул — техникалык маселе. Негизгиси, парламентарийлер күчтүү болушу керек, — деди мурдагы өкмөт башчы.

Бабанов өкмөт башчылыкка келүүсүн так айткан жок. Бирок парламентке келген партияларды шайлоо алдындагы берген убадаларын аткарууга чакырып, өлкөнү өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте соттордун көз карандысыздыгын камсыздап берүү керектигин баса белгиледи.

Бул жолку парламенттик шайлоого Өмүрбек Бабанов катышкан жок, ал негиздеген партияны депутат Мирлан Жээнчороев жетектеп баратат.

Кыргызстанда жалпы 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Алардын ичинен 437 миң адам биометрикалык маалыматын тапшырбагандыктан, шайлоого катыша албайт.

Exit mobile version