Марал Радиосу

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев добуш берди

Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди. Ал Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы №95 орто мектепте жайгашкан №1063 шайлоо участкасында добуш берди.

Максатбек ажы Токтомушев добуш берип чыккандан кийин шайлоонун тынч өтүүсүнө тилектештигин билдирип, эл журтка амандык, биримдик каалады.

Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 саясий партия катышууда.