Марал Радиосу

БШК: 236 миңден ашык жаран добуш берди

Саат 10: 00гө карата өлкө аймагында жана чет мамлекеттерде жалпысынан 236 миң 921 жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 6 пайызын түзөрүн БКШнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Маалыматка ылайык, добуш берүү бөлмөсүнөн сырткары жерде добуш берүүгө 29 миң 330 жаран арыз берген. Алардын 24 миң 402си добуш берүү бөлмөсүнөн сырткары жерде добуш берүүгө катышты. Бул реестрге киргизилген шайлоочулардын 83,5% түзөт. 4448 түрдүү себептер менен добуш берүүгө катыша алгоритан жок.

Эске салсак, бул күнү 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ болсо, 437 миң адам биометрикалык маалыматын тапшырбагандыктан шайлоого катыша албайт.