Марал Радиосу

Сүлүктүдөгү №8042 участокто электрондук урна иштебей, айнек үкөк коюлду

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы үч добуш берүү участогунда электрондук урналар иштебей жатат. Бул тууралуу «Маралга» жергиликтүү тургун Талантбек Мамытов кабарлады.

Анын айтымында, үч добуш берүү участогунда эрте мененки саат 08:00дөн баштап узун кезек пайда болгон. Ал эми №8042 участокто электрондук урнанын ордуна жөнөкөй урна коюлган.