Биз менен байланышыңыз

Баткенде 6-класска чейинки 72 миңдей окуучу мектепке барат

Кыска кабар | 3 Окт 2020 | 251 | 0

Баткен облусунда 1-класстан 6-класска чейинки 71 миң 803 окуучу мектепке келери күтүлүп жатат. Бул тууралуу билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурда мектептерде окуучулардын бир убакта массалык топтолушун алдын алуу максатында атайын график иштеп чыгуу, COVID-19 илдети менен ооруган жарандардын балдарынын саламаттыгын текшерүү маселеси каралып жатат. Ага катар эле ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, 6-октябрдан тарта 1-6-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштайт.

6-октябрдан тарта 1-6-класстын окуучулары мектепте окуй баштайт

Copyright © 2017 Maral FM