Марал Радиосу

Ош шаары 3020-жылдыгын кантип белгилейт?

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата жылдагыдай масштабдуу иш-чаралар уюштурулбайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, негизги майрамдык иш-чара борбордук аянтта орун алып, маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолот.

Анда Ош шаарынын түптөлүп, азыркы учурга чейинки тарыхы чагылдырылган театрлаштырылган көрүнүштөр болуп, оюн-зоок программалар жана эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерт болот.

Кечинде борбордук аянтта майрамдык салют атылат.