Марал Радиосу

Казакстанда 3D форматтагы өтмөктөр пайда болду

Казакстандын Алматы шаарында бир нече көчөдө жөө адамдар өтүүчү 3D форматтагы өтмөктөр пайда болду. Бул тууралуу закон.кз жазды.

Мындай форматтагы өтмөктөр менен жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо жана жол кырсыктарын алдын алууну көздөп жатышат.

Буга чейин мындай өтмөктөр Казакстандын Шымкент, Атырау облустарында сызылган.