Марал Радиосу

«Будапешт-Бишкек» аба каттамы жарым жыл аралыгында ачылышы күтүлүүдө

«Будапешт-Бишкек» аба каттамы жарым жыл аралыгында ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу  Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев маалымат жыйынында кабарлады.

«Каттамды ачууга жарым жылга жакын убакыт кетет. Авиакомпанияны белгилеп бериши үчүн алар биздин аэропортту көрүшү керек. Андан соң меморандумга кол коюлгандан кийин каттам ачылат. Биз жумасына 2 жолу каттам жүргүзүлүп турусун сунуштадык. Бирок башталышында жумасына 1 жолу каттап турса да туура болот», — деди Акышев.

Бишкек—Будапешт багыты боюнча түз аба каттамын ачуу тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга жасаган расмий сапары алкагында сүйлөшүлгөн.