Марал Радиосу

Парламенттик шайлоого көз салуу үчүн эл аралык байкоочулар келди

Кыргызстандагы 4-октябрда өтө турчу парламенттик шайлоого эл аралык байкоочулар көз салат. Алар — Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясы (КМШ ПАА), Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясы (ЖККУ ПА) жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясына (ТүркПА) мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү.

Байкоочулар шайлоого чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги, партиялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, шайлоону уюштуруу маселелери менен таанышышат.

Ошондой эле 4-октябрда шайлоо тилкелеринде болушуп, добуш берүү жараяндарына жеринде байкоо салышат.

Кыргызстанда 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Ага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн байкоочулар катышат. Андан тышкары чет мамлекеттерден жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да чакырылган.