Марал Радиосу

Шайлоо участокторунда санитардык эрежелердин сакталышы көзөмөлдөнөт

Премьер-министр Кубатбек Боронов шайлоо күнү бардык шайлоо участокторунда санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин сакталышы керектигин айтты.

Борбордук шайлоо комиссиясы бардык участокторго шайлоочулардын санына жараша дезинфекциялык каражаттар жана медициналык бет каптарды жеткирген, жалпысынан 3,5 млн медициналык беткап жеткирилгени кабарланды.

Шайлоодон бир күн өткөн соң, кенже класстардын окуучулары үчүн окуу процесси жандандырылат. Көптөгөн шайлоо участоктору мектептерде жайгашкандыктан өкмөт окуу процессин 6-октябрдан тарта жандандыруу чечимин кабыл алган.

«5-октябрда ар бир мектепте, өзгөчө, шайлоо участогу жайгашкан билим берүү мекемелеринде дезинфекциялык иштер тыкыр аткарылат. Биз балдарды COVID-19 илдетинен коргошубуз керек», — деп белгиледи премьер-министр.

Бардык жалпы билим берүү жайлары алгоритм боюнча иш алып баруусу зарыл.