Марал Радиосу

Трамп жубайы менен карантинге чыкты

АКШ президенти Дональд Трамп, анын кеңешчиси Хоуп Хикстен коронавирус аныкталган соң, коронавирусту аныктоочу тесттин жыйынтыгы чыкканча карантинде болорун маалымдады.

-Дайыма жанымда болуп, тыныгуусуз иштеген Хоуп Хикстин анализинен коронавирус аныкталды. Эми биз биринчи ханайым экөөбүз тесттин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ага чейин карантинде болуп турабыз,- дейт Трамп.

Бул арада дүйнө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын жалпы саны 34 миллиондон ашты, ал эми каза болгондор жалпы бир миллиондон ашык.