Биз менен байланышыңыз

Абдыжапаров: жаңы тартыла турган «Ак салкында» кыз жигитти ала качат

Белгилүү режиссер Эрнест Абдыжапаров “Ак салкын” аталышындагы кино тасма тартканы жатат. Элдин кызыгуусун арттырган кино тууралуу режиссер «Марал» радиосуна төмөндөгүөй маалымат менен бөлүштү:

“Буюрса сценарий жазылып бүттү. Чыныгы окуянын негизинде жазылды. Көпчүлүк сурап жаткан Сагын менен Асеманын жашоосун чагылдырсак, анда кинодо өзгөчөлүк деле болбой калмак, ошол себептен бул жерде каармандар ошол эле, бирок окуя башкача болот.  «Боз салкындын» ички мазмунунун уландысы десем болот. Кичине чекесин чыгарсак, бул жерде кыз жигитти ала качат, андан кийинки экөөнүн жашоосу чагылдырылат. Азыркы учурда актерлорду издеп жатабыз, жаш актерлор аткарышат. “Элдин арасынан тапсамбы?” деп ойлонуп жатам, азыр бизге каражат жагынан колдоочуларды дагы издөөдөбүз, өнөктөштөр керек болуп жаткан учур. Бирок табылса табылбаса дагы тартабыз. Ысык — Көлдүн Бөкөнбаев айылында тартылганы жатат. Эл колдойт деп ишенем, биздин оюбузда жаңы жылдын окуясы менен тартылып, сценарийде 31-декабрь күнү, салюттардын жаркырашы менен аяктайт деп жазылган. Демек ушул кышта тартылышы керек. Киийнки жылы жаз айларында жарыкка чыгат. Жаңы жыл сайын экрандан көрсөтүлүп элдин маанайын көтөрсөк деген ой».

Эскерте кетсек, буга чейин Абдыжапаровдун «Боз салкын» тасмасынын уландысы тартылары тууралуу маалыматтар чыккан болчу.

1 пикир

1 пикир

  1. Чынар эже

    02.10.2020 20:04

    Адамдар бири бирин ала качпай эле койсо болот эле. Ала качуу кылмыш экенин тушүнбөй койдуңар го. Бул коомго жат көрүнүш, тамаша эмес.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM