Марал Радиосу

Дүйнө: Коронавирус 34,1 миллиондон ашык адамга жукту

1-октябрга карата дүйнөдө COVID-19дун 34,1 миллиондон ашык учурлары аныкталды. Буга Worldometerдин маалыматтары күбө.

Дүйнөдө COVID-19дун курмандыктарынын саны 1 млн 18 миң 791ге жетти.

Илдеттен 25,4 миллион адам айыкты.

Дүйнөлүк статистикада COVID-19 менен ооругандардын саны боюнча АКШ (7 447 282), Индия (6 312 584), Бразилия (4 813 586) жана Орусия (1 176 286) сап башында.

Коронавирус 213 өлкө жана аймакта кулачын жайды.