Марал Радиосу

Кыргызстандык 150 студент Венгрияда акысыз окуй алат

Кыргызстандык 150 студент Венгриянын окуу жайларында акысыз окууга мүмкүндүк алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияга болгон расмий иш-сапарынын алкагында, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто менен билим берүү жаатында эки тараптуу келишимге кол коюшту.

Келишимге ылайык, Венгриянын жогорку окуу жайларына жылына бюджеттик негизде 150 кыргызстандык студентти кабыл алынмай болду.

Билим берүү жана илим министрлиги 2016-жылдан тарта Венгриянын жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде окуу мүмкүнчүлүгүн берүү маселелери боюнча кызматташып келет.

Алгачкы келишимге ылайык, жылына 25 студентти окутуу ишке ашып келсе, 2019-жылдан тарта квоталык орундар 75ке (30 бакалавр, 30 магистратура, 15 докторантура) көбөйгөн.

Окууга кабыл алынган студенттерге Венгрия тараптан түзүлүүчү шарттар:

— акысыз окутуу: магистратура, бакалавр (айыл-чарба,  социалдык илимдер, маалыматтык технологиялар, экономика, техника, табийгый илимдер, спорт жана мамлекеттик саясат багыттары) жана докторантура (бардык багыттар);

— толук окуу мезгили ичинде ай сайын стипендия берилет: бакалавр жана магистратура – 40 460 форинт (120 евро), докторантура 140 0000 форинт (415 евро);

— жатаканадан орун берүү же үй-бүлөлүк турак үчүн 40 000 форинт (120 евро) төлөп берүү;

— медициналык камсыздандыруу.

Венгрияда окууга барган кыргызстандыктар көбүнчө эл аралык мамилелер, эл аралык бизнес,  IT, журналистика, менеджмент жана экономика багыттарын тандашат.

Венгриядагы эң популярдуу жана таанымал университеттер — Будапешттеги Корвин университети, Этвеш Лоранд университети, Дебрецен университети, Печ университети, Ыйык Иштван университети жана  Будапешт технологиялар жана экономика университети.

Exit mobile version