Биз менен байланышыңыз

«Республика» парламентке келсе, өкмөт башчылыкка Бабановду сунуштайт

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 1858 | 1

«Республика» партиясы парламенттик шайлоодон жеңип чыкса, өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду сунуштайт. Бул тууралуу партия лидери Мирлан Жээнчороев КТРК каналындагы дебатта билдирди. Анын айтымында, Бабанов өкмөттү жетектеген маалда көп иштер аткарылган.

Ал премьер-министр болуп турганда өлкө боюнча 91 мектеп курулган, ИДП өскөн. 44 өлкө менен болгон виза алынып салынган.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабанов саясаттан кеткенин жар салып, партия лидерлигин тапшырып берген. 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын сентябрына чейин өкмөттү башкарып турган.

Copyright © 2017 Maral FM